Купуялык макулдашуусу/Кол коюу тартиби

Outdated translations are marked like this.

Бул баракта Купуя жеке маалыматка жетүү саясатына ылайык келүү үчүн Купуялык макулдашуусуна кол коюу үчүн эмне кылышыңыз керек баяндалат. Саясатта айтылгандай, бул талап купуя маалыматка жетүүсү бар Викимедиа ыктыярчыларынын топторуна тийиш. Бул келишимге кол коюуга тийиш болгон ыктыярчылардын катарына VRT мүчөлөрү, чекюзерлер, көзөмөлчүлөр жана стюарттар кирет.

Таржымал

Викимедиа фонду жаңы Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын 2018-жылдын 6-ноябрында бекиткен. Мурдагы саясат жаңы саясатта каралган жол-жоболор ишке киргизилген чейин — 2018-жылдын 15-ноябрына чейин күчүндө болгон.

Ушул саясатка тиешеси бар ыктыярчылар купуя жеке маалыматка жетүүсүн сактап калышы үчүн 2019-жылдын 13-февралына чейин Купуялык макулдашуусуна кол коюу керектиги жөнүндө алгачкы билдирүүлөр 2018-жылдын 15-ноябрынан баштап жөнөтүлө баштаган.

2018-жылдын 15-ноябрынан кийин купуя маалыматка жетүүгө жактырылган ыктыярчылар жетүү укуктарын алуу үчүн алдын ала Купуялык макулдашуусуна кол коюшу керек.

1-кадам: Фабрикатор аккаунтуңузду түзүңүз

Викимедиа аккаунтуңуз аркылуу Фабрикатор аккаунтуңузду кантип түзсөңүз болот (англисче)
Фабрикатордогу профилиңизди кантип түзөтсө болот (англисче)
Кошумча маалымат: MediaWiki.org сайтындагы Фабрикатор боюнча жардам

Купуялык макулдашуусуна кол коюу Фабрикатордун Legalpad аркылуу жүргүзүлүп, көзөмөлдөнөт.

Купуялык макулдашуусуна кол коюу үчүн Фабрикатор аккаунтуңузду тууралашыңыш керек (кыла элек болсоңуз):

  1. Викимедиа аккаунтуңузга киргениңизди текшериңиз.
  2. Фабрикатор аккаунтуна кирүү барагына өтүңүз.
  3. «Login or Register - MediaWiki» деген күн карама баскычын басыңыз.
  4. MediaWiki.org сайтына байланышканыңызды ырастаңыз.
  5. Фабрикатор колдонуучу атыңызды сурайт (العَرَبِيةُ же 中华民族 сыяктуу латын эмес белгилерди камтыбашы керек). Мүмкүн болсо, Википедиядагы колдонуучу атыңызды колдонуңуз. Мындан тышкары, электрондук почтаңыз да талап кылынат, бирок ал башка колдонуучуларга көрсөтүлбөй.
  6. Manage (жогорку оң жакта) > Edit Profile (оң жакта) баскычтарын басып, сизди оңой табуу жана Купуялык макулдашуусундагы кол тамгаңызды оңой аныктоо үчүн «Also Known As» жерине толук аты-жөнүңүздү жазыңыз.

Фабрикатор аккаунтуңуздун колдонуу жана параметрлерин тууралоо тууралуу көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе, MediaWiki.org сайтындагы Фабрикатор боюнча жардам барагына өтүңүз.

2-кадам: Билген тилиңиздеги Купуялык макулдашуусу менен таанышып чыгыңыз

Купуялык макулдашуусуна кол коюудан мурун, эмне менен макул болуп жатканыңызды толук түшүнүү үчүн Купуялык макулдашуусун билген тилиңизде окуп чыгыңыз.

ЭСКЕРТМЕ: Документте атайылап «Х жаш» деп көрсөтүлгөн, себеби кол коюучунун ролуна жараша иш жүзүндө кол коюла турган документте 16 же 18 жаш көрсөтүлүшү мүмкүн. Legalpad алкагында ыктыярчылар кол коё турган документтерде тийштүү курак көрсөтүлөт.

3-кадам: Фабрикатордон Купуялык макулдашуусуна кол коюңуз

Фабрикатордогу Legalpad аркылуу Купуялык макулдашуусуна кол коюу үчүн:

  1. Фабрикатор аккаунтуңузга киргениңизди текшериңиз.
  2. Фабрикатордогу Legalpad'деги тийиштүү макулдашууга өтүңүз:
  3. Түшүнүгүңүздү текшериш үчүн макулдашууну дагы бир жолу карап чыгыңыз.
  4. Макулдашуунун ылдый жагындагы «Agree and Sign Document» («Макул болуп, документке кол коюу») бөлүгүндөгү «Name» жеринде аты-жөнүңүз көрсөтүлгөнүн текшериңиз.
  5. «I agree to the terms laid forth above» («Жогорудагы шарттарга макулмун») кутучасы белгиленгенин текшериңиз.
  6. «Sign Document» («Документке кол коюу») баскычын басыңыз.

Жыйынтыктоо

Купуялык боюнча негизги макулдашуу Викимедиа фонду тарабынан каралат. Макулдугуңуз Викимедиа фонду тарабынан каралып чыккандан кийин, колдонуучу атыңызды макул болгондордун катарына кошуу менен макулдугуңузду көрсөтүү үчүн Викимедиа фонду Мета-викидеги макулдуктарга көз салуу тактасын жаңыртат (чыныгы аты-жөнүңүз аны колдонуучу атыңыз катары колдонбосоңуз эле келтирилбейт).

VRT колдонуучулары үчүн купуялык макулдашуусу VRTS aдминистраторлору тарабынан каралат. Макулдугуңуз VRTS aдминистраторлору тарабынан каралып чыккандан кийин, колдонуучу атыңызды макул болгондордун катарына кошуу менен макулдугуңузду көрсөтүү үчүн VRTS администраторлору купуя VRT викидеги макулдуктарга көз салуу тактасын жаңыртат (чыныгы аты-жөнүңүз аны колдонуучу атыңыз катары колдонбосоңуз эле келтирилбейт).

Ушул кадамдарды кылганыңыз үчүн рахмат. Эми Купуялык макулдашуусуна кол койгонуңуздан юридикалык милдеттенмеңиздер пайда болуп, купуя маалыматка жете аласыз.