Купуялык макулдашуусу

This page is a translated version of the page Legal:Confidentiality agreement for nonpublic information and the translation is 100% complete.

Купуялык макулдашуусу — купуя жеке маалымат

Викимедиа кыймылына маанилүү жана баалуу кызматтарыңызды көрсөтүп, колдоп жатасыз, ошондуктан долбоорлорубуздун ийгилиги Викимедиа жамаатынын сиздей ыйгарым укуктуу мүчөлөрүнө көз каранды. Өз кезегинде, сизге купуя жеке маалымат, анын ичинде колдонуучунун жеке маалыматы ишенилиши мүмкүн. Сиз менен Викимедиа фондунун ортосундагы ушул макулдашуу аталган маалыматты коргоого боюнча милдеттенмебизди чагылдырат. Ушул документке санарип кол тамгаңызды коюп, тапшырууңуз менен Х жаштан кем эмес экениңизди жана сиз менен Викимедиа фондунун ортосунда ушул Купуялуулук макулдашуусу менен таанышып, макул экениңизди ырастайсыз.

Купуя жеке маалымат. Купуя жеке маалымат — сизге Викимедиа жамаатынын ыйгарым укуктуу мүчөсү катары берилген куралдар аркылуу же сиздей башка мүчөлөрдөн сизге белгилүү болгон жеке маалымат, анын ичинде колдонуучунун жеке маалыматы. Купуя жеке маалыматка Викимедианын Купуялык саясатында аныкталган «жеке маалымат», IP даректер жана башка себептер үчүн жалпыга жеткиликтүү болбогон инсандыкты аныктоочу башка маалымат кирет. Ал колдонуучу Викимедиа долбоорлорунда жарыялаган колдонуучу маалыматын камтыбайт. Ага Викимедиа долбоорлорунда колдонуучу өзү өзү тууралуу жарыялаган маалымат кирбейт.

Купуя жеке маалымат болуп саналбаган маалымат. Төмөнкүдөй маалымат купуя жеке маалымат болуп саналбайт:
(а) ачыктоо учурунда жалпыга жеткиликтүү болгон;
(б) ушул саясатка ылайык ачыкталгандан кийин жалпыга жеткиликтүү болуп калган;
(в) жалпыга ачыкталганга чейин тескөөңүздө болгону жазууларыңыз менен далилденүүчү жана Викимедиа саясатынын купуялык боюнча мурунку жоболору менен жөнгө салынбаган болсо;
(г) мыйзам боюнча ачыкташыңыз керек болгон, бирок мындай мыйзамдуу талап тууралуу Викимедиа фондуна дароо билдирүүгө жана мындай ачыктоого байланыштуу чыгарылган коргоо буйругун аткарууга убада бересиз.

Жамааттын ыйгарым укуктуу мүчөлөрү. Жамааттын ыйгарым укуктуу мүчөлөрү — жамаат же Викимедиа фондунун жол-жоболору аркылуу Викимедианын Купуялык саясатында каралган маалыматка жетүүсү бар викимедиачылар. Алардын катарында жамааттын башка колдонуучулары же мүчөлөрү жөнүндө купуя маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берген ар кандай куралга ээ болгон жамааттын мүчөлөрү, администратордон жашырылган мазмунга же колдонуучунун маалыматына жетүүсү бар жамааттын мүчөлөрү жана купуя жеке маалыматка жетүүсү бар ыктыярдуу иштеп чыгуучулар. Жамааттын ыйгарым укуктуу мүчөлөрүнө көзөмөлчүлөр, чекюзерлер, ыктыярдуу иштеп чыгуучулар сыяктуу ыйгарым укуктуу ролдорго ээ болгондор кирет.

Купуя жеке маалыматты коргоо. Төмөнкүлөргө макул болосуз:

  • Купуялык саясатын, Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын жана купуя жеке маалыматка карата колдонулуучу, карама-каршы келбеген жамааттын саясатын аткарууга;
  • жогоруда аталган саясаттарда каралган учурлардан тышкары, купуя жеке маалыматты эч кимге ачыктабоого;
  • аккаунтуңузду уруксатыңызсыз кирүүдөн жана колдонуудан коргоого;
  • купуя жеке маалыматка зарыл болгондо гана жана Викимедиа жамаатынын ыйгарым укуктуу мүчөсү катары укуктарыңыздын чегинде гана жетүүгө, колдонууга жана ачыктоого;
  • укук коргоо органдары сыяктуу үчүнчү тараптарга купуя жеке маалыматты эмне үчүн ачыктагыңыз келгенин түшүндүрмөсүн, болжолдогон ачыктоонун датасынан кеминде 10 күн мурун check-disclosure@wikimedia.org электрондук почтасына жөнөтүүгө.

Бузуу. Ушул макулдашууну бузсаңыз, анын ичинде купуя жеке маалыматка талаптагыдай эмес жетсеңиз, колдонсоңуз же ачыктасаңыз төмөнкүлөргө макул болосуз:

  • Викимедиа фондуна бузуу тууралуу дароо билдирүүгө;
  • Викимедиа фондунун талабы боюнча тескөөңүздөгү купуя жеке маалыматтын баарын өчүрүүгө же башка ыкма менен жок кылууга;
  • купуя жеке маалыматка жетүүңүздүн токтотулушуна;
  • Викимедиа фонду тарабынан укуктук коргонуунун жеткиликтүү каражаттары, анын ичинде соттук чектөө же атайылап бузуу болгондо зыяндын ордун толтуруу колдонулушуна.

Башка жоболор. Ошондой эле төмөнкүлөргө макул болосуз:

  • ушул макулдашуу сиз менен Викимедиа фондунун ортосунда жалдоо, ортомчулук, өнөктөштүк же бирге иштешүү мамилелерин жаратпаганына;
  • ушул макулдашуудан келип чыккан укуктарыңызды же милдеттериңизди өткөрүп бере же табыштай албаганыңызга;
  • купуя жеке маалыматка кантип жетип жана аны кантип колдонуп жатканыңыз үчүн жеке жооптуу болгонуңузга жана аракеттериңиз же аккаунтуңуз башка ыйгарым укуктуу колдонуучулар же Викимедиа фонду тарабынан текшерилиши мүмкүнчүлүгүнө;
  • ушул макулдашуу Калифорния штатынын жана Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдары менен жөнгө салынаарына (коллизиялык укуктун принциптерин колдонбостон).

Интерфейс

Төмөндө аты-жөнүңүздү терип, кутучаны белгилеп, «Документке кол коюу» («Sign Document») баскычын басуу менен сиз жана Викимедиа фондунун ортосундагы ушул Купуялык макулдашуусу менен таанышканыңызды жана макул экениңизди ырастайсыз. Башкасынан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүүсүз:

(1) купуя жеке маалыматтын купуялыгын ушул Купуялык макулдашуусунда аныкталгандай сактоого;
(2) мындай маалыматты укук коргоо органдары сыяктуу үчүнчү тараптарга ачыктоо керектигине көзүңүз жетсе, Викимедиа фондунан алдын ала жазуу жүзүндө уруксат алууга;
(3) Викимедианын Купуялык саясаты менен Купуя жеке маалыматка жетүү саясатын аткарууга;
(4) жетүү укуктары бар же жетүү укуктарына талаптанып жаткан аккаунтуңузга байланган жарактуу электрондук почта дарегин Викимедиа фондуна берүүгө.

Которула турган кошумча текст

Төмөндө аты-жөнүңүздү терип, кутучаны белгилеп, «Документке кол коюу» («Sign Document») баскычын басуу менен сиз жана Викимедиа фондунун ортосундагы ушул Купуялык макулдашуусу жана VRT купуялык макулдашуусу менен таанышканыңызды жана макул экениңизди ырастайсыз. Башкасынан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүүсүз:

Купуялык боюнча негизги макулдашуу — купуя жеке маалымат

VRT колдонуучулары үчүн купуялык макулдашуусу — купуя жеке маалымат

Жөнөтүү

Купуялыкка тиешелүү барактар